www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда ар бир 100 000 миң кишинин 68и түзөтүү жайларында жазасын өтөөдө. Бул тууралуу 11-январда Олий Мажилистин Мыйзам чыгаруу палатасынын Коргонуу жана коопсуздук комитетинин жыйынында айтылды.

Расмий маалыматтар боюнча ушул тапта Өзбекстанда 54 колония бар. Алардын 18и жабык түрмө, 25и түзөтүү колониялары жана 11и тергөө изолятору.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, түрмөлөрдө 22 миңден ашуун соттолуучу бар. Алардын 7000ден ашууну жалпы режимдеги колонияларда жазасын өтөп жатат, 14000ден ашыгы жабык типтеги түрмөлөрдө отурат.

Билдирүүдө кыйноонун алдын алуу үчүн 54 пенитенциардык мекемеде 3280 видеокөзөмөл жабдуулары орнотулганы айтылат.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости