www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдө 10-январда президенттик шайлоо болуп өттү. Анда шайлоочулардын 80% добушуна талапкер Садыр Жапаров ээ болду.

Бул боюнча дүйнөлүк эксперттер, байкоочулар Кыргызстанда биринчи жолу админстративдик ресурс колдонулбай таза өттү деп сыпатташууда. Бул жолу өткөндүн катачылыгын кайталабай шайлоонун жыйынтыгын тынчтык менен кабыл алат деген пикирлер да айтылууда.

Ал эми жазуучу Чолпонбек Абыкеев кыргызстандыктарды жана талапкерлерди сабырдуулукка жана биригип алдыга умтулууга чакырып өттү.

Анын айтымында, келечектин жоопкерчилиги баарыбыздын моюнубузда.

«Урматтуу Мекендештер! Шайлоо бүттү. Эми өткөндү унутуп, кеткенди кечирип, ынтымак, биримдик, тилектештик менен мамлекетибиздин, улутубуздун келечеги үчүн астыга кадам таштайлы! «Жакшы сөз жарым ырыс» - дейт.

Касташуу, тирешүү,чукулашуу, мамлекетибиздин, улутубуздун келечеги үчүн жаман тилек- сөздөрдү айтуу жакшылыкка алып келбейт.

Шайлоо астындагы бири-бирине айтылган, ар кандай сезимге ойногон, көкүткөн сөздөрдү унуталы. Биз бир мамлекетте жашайбыз. Балдарыбыз, келечек муундарыбыз да ушул мамлекетте жашайт. Келечектин жоопкерчилиги баарыбыздын моюнубуздагы жүк.

«Ынтымак бар жерде ырыс»- бар дешет элибиз. Ынтымак менен бирге аракеттенсек баарын жеңебиз. Келечекке өнүкөн-өскөн мамлекет калтыралы. Башкы максат ушул болсун!», - дейт ал.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости