www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

10-январдагы президенттик шайлоодо көпчүлүктүн добушуна ээ болгон Садыр Жапаров премьерликти тапшырат дегенди уккандан кийин эл арасында эми Өкмөт башчы ким болот деп, бир топ аттуу-баштуулардын аты аталып, талкуу жүрүп жатат.

Бүгүн, социалдык тармактарда Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов премьер-министр болот деген аңыз кептер тарады.

Ал эми жарандык активист Акбалык Жумалиева премьер-министрликке Мелис Мырзакматов татыктуу. Анткени, ал эл үчүн иштесе боло тургандыгын көрсөткөн бирден бир лидер деп эсептейт.

«Мен Мелис Мырзакматовго жасалма иш козголуп куугунтукталып, Садыр Жапаров жалган жалаа менен камалгандан бери экөө тууралуу постту чогуу жазып келдим, ( кийинчэрээк Өмүрбек Текебаевди кошуп) Себеби ушул эки инсан эриш- аркак иштеп гана өлкөнү батып калган саздан алып чыгып кете алыша тургандай сезилет.

Мелис Мырзакматов чиновник да эл үчүн иштесе боло тургандыгын көрсөткөн бирден бир, көзгө басар, үлгү болор инсан болуп, шаар эли эле эмес, алыскы аймактардын элинин да жүрөгүнөн орун ала алды.

Мырзакматов мекенчилдиги, көрөгөчтүгү, адилеттүүлүгү, эрктүүлүгү менен башкалардан айрымаланып, эл ишенимине ээ болгон күчтүү менеджер десем жаңылышпайм. Мелис Мырзакматовдой инсан президенттин командасына аба  менен суудай керек болуп турат.

Андыктан азырынча премьер-министрликке, кийин бул кызмат орун жоюлса жооптуу аткаруу бийлигиндеги кызматка сунуштаар элем», - дейт ал.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости