www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жеңиш Молдокматов: “Жаңы партия менен депутаттыкка аттанам”

Жеңиш Молдокматов "Замандаш" партиясын чоң максаттарым болуп тапшырууга туура келди дейт. Бул тууралуу саясатчы Жеңиш Молдокматов “NazarNews” маалымат агенттигине билдирди.

--“Жакынкы күндөрү прогрессивдүү, конструктивдүү, жаңы генерациядагы муун менен чоң күч болуп чыгабыз. Учурда катуу даярдыктар жүрүүдө. Бул эл аралык партия десем болот. Анын мүчөлөрү абдан дүйнө таанымалы кенен, билимдүү жаштардан куралган. Мага ушундай сунуш болуп калгандыктан “Замандаш” партиясын өткөрүп берүүгө туура келди. Адамдар ар дайым өсүп туруу керек. Саясий партиянын жетекчиси катары өсүү бул чоң тажрыйба. Мен “Замандаш” партиясынан такшаалдым. Келечекте саясий күрөштөрдө азыркы тузүлүп жаткан партия менен болом. Парламенттик шайлоого дагы ушул партия менен депутаттыкка аттанам. Менин негизги максатым, мамлекетке чынчылдык менен, ак кызмат кылуу”,-дейт Молдокматов.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости