www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Зеленая книга» фильминин актёру Фрэнк Валлелонганын сөөгү Нью-Йорктун чок ортосунан табылды. Бул тууралуу Deadline басылмасы жазды.

Актёрдун сөөгү дүйшөмбү күнү, 28-ноябрда табылган, бирок бейшембиге чейин өздүгү такталган эмес. Полиция актёрдо эч кандай жаракаттын белгилери жок экенин, өлүмдүн себеби азырынча тактала электигин билдирди.

Материалда ошондой эле укук коргоо органдары Валлелонгдун сөөгү табылган Бронкс округунан келген 35 жаштагы Стивен Смитти денени жашырган деген айып менен камакка алганы айтылат.

Режиссеру Питер Фаррелли «Зеленая книга» тасмасы Тони Валлелонга деген ат менен белгилүү болгон айдоочу Фрэнк Валлелонга менен пианист Дон Ширлинин достугу тууралуу баяндайт. «Зеленая книга» буга чейин үч жолу «Алтын глобус» алган. Америкалык кинорежиссерлор картинага рейтингинде эң жогорку упайларды беришет, ал эми тасмада сүрөттөлгөндөрдүн жакындары авторлорду жалаа жана фактыларды атайылап бурмалоо үчүн айыпташууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости