www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Донецк Эл Республикасындагы (ДЭР) студенттерди демобилизациялоо планга ылайык, эбак бүтүшү керек. Бул тууралуу орус президенти Владимир Путин жаш окумуштуулар менен жолугушууда билдирди.
Президент демобилизациялоо иш-чараларынын соңу 1-декабрда болушу керектигин айтты.
«Ал эми студенттерди, аспиранттарды жана магистратурада окугандарды демобилизациялоого келсек, бүгүн план боюнча бүтүшү керек. Ушундай болот деп үмүттөнөм», — деди Путин.
Эске салсак, 13-ноябрда орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков орус лидери студенттерди ДЭР жана ЛЭРден демобилизациялоону, андан соң аларды окуу жайларына кайтарууну уюштурууну тапшырганын билдирди.
18-ноябрда Донецк элдик республикасынын башчысынын милдетин аткаруучу Денис Пушилин демобилизациялоо боюнча жарлыкка кол койгон.
Булак: NazarNews.kg