www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын мурдагы президент Барак Обама афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнө байланыштуу нааразылык акциялары тууралуу пикирин билдирди.

Ал азыркы окуяларды АКШдагы эң терең өзгөрүүлөрдүн башаты катары мүнөздөдү жана айрыкча жаштарды бул учурду колдон чыгарбоого чакырды.

«Өтө көп учурда зордук-зомбулукту силерге кызмат кыла турган, коргой турган адамдар кылат. Силер, силердин жашооңор, кыялыңар өтө маанилүү»,-деди мурдагы президент.

Флойдду тизеси менен ныгыра басып муунткан мурдагы полиция кызматкери Дерек Шовинге киши өлтүрүү боюнча айып коюлду. Эгер ал күнөөлүү деп табылса 40 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал. Шовин буга чейин «адамды кокусунан өлтүрүп алган» деп күнөөлөнүп жаткан.

Миннесота штатынын башкы прокурору Кит Эллисон Флойдду кармоо учурунда ошол жерде жүргөн башка полиция кызматкерлерине киши өлтүрүүгө шыкактоо жана көмөктөшүү боюнча айып коюлуп жатканын маалымдады.

АКШда нааразылык акциялары Миннесота штатында полициянын колуна түшкөн афроамерикалыктын өлүмүнөн улам башталган. Көчөгө чыккандарды Жорж Флойдду дем ала албай жатканына карабай, мойнун ныгыра басып муунткан полиция кызматкеринин аракети тартылган видео тасма жаалданткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости