www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Офтальмолог Валерия Смирнова көз оорусун кайсы адаттар өрчүтүп жиберерин санап берди. Дарыгердин кеңеши РИА Новостиге жарыяланды.

Медиктин айтымында, окуу көрүүнү начарлатышы ыктымал.

"Транспортто бир нерсе окууну сунуштабайм. Ошондой эле жатып алып, караңгыда өтө жарык экрандан окуган да болбойт", — деген адис.

Дарыгер жазып берген көз айнек же линзаны дайыма тагынуудан баш тартуу адамды чалыр кылып коюшу ыктымал экенин эскерткен.

"Туура көз айнек жана линза алууда акчаны аябагыла. Мындан сырткары, линзаны туура эмес колдонгон учурда да көрүү начарлайт. Мисалы, аны мөөнөтүнөн көп убакыт же гигиенаны сактабай тагынган болбойт", — деген Смирнова.

Дарыгер беттеги боёкту көзгө киргизип албай, этияттык менен өчүрүүнү сунуштаган. Ошондой эле аны ушалай берүү адатынан алыс болууга чакырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости