www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Менин атым Актан. Учурда 25 жаштамын. Эң эле өкүнүчтүүсү жетимдиктин азабын түзүк эле тарттым. Апам мени төрөлгөнүмдө эле балдар үйүнө таштап кетиптир. 10 жашка чейин ошол жерде тарбияланып,11 жашка толоордо бир үй-бүлө багып алышты... Менден кичүү эки кызы бар экен. Биз өлсөк бизди көмөөр уул болсун дешип жакшы эле өстүрүштү. Энем менен атамды сагынып куса болуп эзиле берчү болдум. Аларды көрбөсөм да сагынып ыйлай берем. Кино же клиптен ата-энени кордогондорду көрүп алып жиним кайнайт. Аларды көп издеп тырыштым. Бирок эч кандай натыйжа чыкпады. Өгөй ата-энем мени элдин балдарындай эле өстүрүштү.

А, кыздарын өз карындашымдай көрүп агалык кеңештеримди көп айтып жүрдүм. Бирок алар мени теңсинбей бөлөк деп чоңойгон сайын кекете беришти. Ата-энем билсе да не дешмек. Баары бир өз кыздарына болушат. Үйдө кандай балээ болсо да мен күнөөлүү боло берчүмүн. Өгөй атам мени жазалап 15жашымда жука кийимчен кышында эшике чыгарып койчу. Апам да атамдан калышпай мени болбогон нерсе үчүн да ура берчу. Баарын көтөрдүм. Ичиме жутуп жашай бердим баарын. Түнү эркек башым менен ыйлап отурган күндөр да болду. Мунун баарына мени таштап кеткен апам күнөөлүү эмес. Ал да мени жөн жерден таштабаса керек.

Анда мен 18 жашта элем. Бир күнү үйгө келсем үйдө ызы-чуу. Апамдын кымбат баалуу зер буюмдары жоголуптур. Эки карындашым дароо мени тонгошуптур. Атам келип эле мени жакалап ура берди. Мен албадым эч кандай зерди көрбөдүм дегениме да болбоду. Апам да кыздарына ишенип жетим баксаң ушуну көрөсүң дегени чын экен деп мени карап жинденет. Атам түзүк эле сабады. Бул биринчиси эмес болчу. Буга чейин да далай жолу карындаштарым мени жаманатты кылып атамдан таяк жечүмүн. Ошол күндүн эртеси үйдөн биротоло көчүп кеттим. Алар деле каршы болушпады. Тескерисинче сүйүнүштү.

Ошол түнү көчөдө түнөдүм. Ата-энем үйгө кайра келбе дегендей түр көрсөтүштү. Ошентип мен өз алдымча жашоомду баштадым. Базарларга жалданып араба түртүп каробка шише чогултуп жүргөн күндөрүм да болду. Кыйналып кысталып бутума акырындап тура баштадым. Ага Кубаныч атуу адамдын эмгеги зор. Аны өз атамдай көрүп калдым. Эч кандай билимим жок болсо да устачылыкты үйрөндүм. Үйлөрдү евро ремонт кылып, кыскасы үйдүн ичин жасайбыз. Бара-бара бутума кыйла турдум. Арадан жыл өттү.

Мен 23кө чыкканда Кубаныч аке мага 2 бөлмөлүү үй белек кылды. Аз өтпөй машина алганга да жетиштим. Көп дос чогулттум.Кубаныч аке мага кайын ата болуп калат деп эч ойлобопмун. Өзүнүн кызын берди үйлөндүм. Менден откон бактылуу инсан жок дүйнөдө. Кайненем сени эми күйөө бала эмес, өз балам деймин дегенде ыйлап ийдим. Бешенемден сылап бетимден өөп койгондо өз апамды элестетип ичим өрттөнүп ыйым ичиме батпай буулугуп кеттим. Эне жытына зар болуп өскөнүмдү ушунчалык сездим. Меникиндей жашоону эч кимге буюрбасын. Жетим өсүп не деген кана күндөрдү көрбөдүм. Балдарыма мен көргөн күндү көрсөтпөймүн эч качан. Азыр эки ширин балдарым бар. Кудайга миң мертебе шүгүр. Мени убагында кекетип жургөн карындаштарымдын бири менин аялымды интернеттен таап алып коркутуп жазып жүрүптүр. Менин акемдин башын айлантып тийип алыпсың деп. Убагында ууру деп жүргөндөрү эсинен чыгып калган го. Мени канча кордошту. Мамиле кылбай койдум. Өгөй ата-энем үйүнө чакыра берет. Аралыгыбыз жакын болгондуктан барып келип турабыз кээде. Кичүү карындашым күйөөсү менен ажырашып кеткен экен, азыр меникинде жашап атат. Боюнда бар. Кыскасы колунда бар болсо адам экенсин азыркы заманда. Баарыңар бактылуу болгула.

Булак: "Интернет"

Последние новости