www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров жогорку аскердик наамдарды берүү жөнүндө жарлыкка кол коюп, натыйжада, УКМК төргасы Камчыбек Ташиев генерал-лейтенант, ички иштер министри Улан Ниязбеков генерал-майор, жазаларды аткаруу кызматынын жетекчиси Аскат Эгембердиев генерал-майор, АКС башчысы Бекбосун Апсатаров генерал-майор чин-даражаларын алышты.
Кимиси татыктуу же татыктуу эмес экенине коомчулук баа берүүдө. Булардан да кызыгы, финполдун төргасы Сыймык Жапыкеевдин өгөйлөнүп, полковник боюнча калганы кандай? Албетте, Садыр Жапаров өз кадр катары санаса, генерал-майор наамын берип коймок. Демек, Сыймык Жапыкеевдин эмгеги өткөн жок. Ал тургай жакында ээлеген кызматынан айдалышы мүмкүн. Олуттуу коңгуроо кагылганын түшүндүңөр да?..
Булак: Азия News гезити