www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ок жеген Каниметов орун басар болду

Ички иштер министринин орун басарлыгына бийлик тарабынан профессионал кадр, милициянын айтылуу полковниги Мирлан Каниметовдун тандалышы бул тармакка кадимкидей жандануу тартуулады. Эмесе, бул жагына азырынча
учкай сүртүм бере туралы

Милициядагы эмгек жолун катардагы кызматкерден баштаган каарманыбыз буга чейинки эмгек жолунда тармактагы кептөгөн кызматтарды басып өтгү. Уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүүдөгү аньш эрдиги кезегинде жамы журтка дүң болуп, бул жагынан милициянын жаш кызматкерлерине кадимкидей үлгү болду. Кылмышкерлер менен жалтанбай ок атышкан кыраакы опердин эрдигине кезегинде өлкө жетекчилиги да ыраазы боло жогорку мартабалуу сыйлыктар менен сыйлаганы бар.

Алдына келген кандай гана иш болбосун майын чыгарып, милициядагы жетекчилик кылган тармактарын жаңы сапаттарга көтөрүү менен атпай кыргыз журтунда чыныгы «кызыл шапкечи» экенин далилдей алды. Албетте, анын милициядагы түмөн-түйшүктүү жолунда көрө албаган көркоолор ич күйдүлүк кылуу менен буттан чалууга кызыкдар болушканын кайда катат элек?

Бул аралыкта каарманыбыз чайпалбады, төгүлбөдү. Мезгилдин сыноосу, убакыттын өтүшү менен болгону өзүнүн чыныгы ишбилги профессионал, тажрыйбалуу адис экенин далилдей алды. Буга эл, коомчулук жана
өлкө жетекчилиги, ИИМ системасынын башчылары татыктуу баасын беришти. Акыры  карандай эмгек, таман акы, маңдай тери менен каарманыбыз бүгүнкүдөй бийиктиктерди багындырды.

Кудай жалгасын!

Эмесе, эл уулунун жаңыдан барган кызматынан да ири ийгиликтерди жаратарын күтсөк болот. Полковник Мирлан Каниметовдун ички иштер министринин орун басары кызматына дайындалышы менен өлкедөгү кылмышкерлер кынга кирерине бөркүбүздөй ишене туралы.

Табына келип турган дал ушундай тапталган тулпар баардык жактан алдыга озоору тарыхта деле тастыкталган эмеспи! Баралына келип турган эр жүрөк полковникти буттан чалбай, жолун ачып, иштөөсүнө мүмкүнчүлүк берели. Бул жагынан биттин ичегисине кан куйган, барган сайын дүбүртү катуулаган кыргыздын «жылдыз шумкарынын» ийгилик жаратуу жагына ишенгенге неге болбосун? Каарманыбыздын кыргызга кымбат ушундай кезегинде күчүн алып калсак, мамлекет үчүн, эл үчүн алды утуш гана болмокчу.

Ийгилик БОЛСУНБАЕВ

Булак: АЗИЯньюс

Последние новости