www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маалымат деген тынбай агып турган сууга барабар.
Оомал-төкмөлүү турмуштун агымы бирде жарга такаса, кийинкисинде жашоодон үмүт эттирип коет. Ошондуктан тирүүчүлүктүн ысыгына да, суугуна да чыдап оокат кылууга туура келет. Кайсыл мамлекет болбосун өйдө-ылдый кырдаал жаралаары белгилүү. Анын сыңарындай кыргыз өлкөсүндө да учурда жаңы бийлик келип, өз акыйкат жолун табууга аракетин чегерип жаткан кези. Арийне, ылаңдап калган системаны кыска аралыкта тазартуу өтө кыйынга турат. Оболу бийлик бутактарындагы атка минерлердин таржымалын түкшүмөлдөп, таза экендигинин аныгына жетип кызматка алып келүүдө башчылар аксап жатканы даана байкалып турат. Фракциялардын күүсү менен чоң кызматка келген кадрлардын келечеги бүдөмүк экенин күндөлүк турмушубуздан көрүп жатабыз. Мындай адаттан эртең эле кутулуп кетебиз дегендин өзү реалдуу эмес. Ошонун кесепетинен коомчулук ичинде күбүң-шыбың кептер агылууда.
Ал эми бийликтин алгылыктуу жактарын, кемчиликтерин элге жеткирүүдө маалымат каражаттарынын орду бараандуу экени талашсыз. Мунун айкын экенине өлкө башчылары деле күмөнсүнбөйт. Антсе да чындыктан тайсалдабай туура кепти кыстара кеткенибиз оң болор? Айрыкча бир жактуу мактамай, же шыбамай маалыматтар окурмандын табитин таптакыр кетиргенин деле белгилеп койсок ашыкча болбостур? Албетте, ар бир гезиттин, теле каналдын, сайттын стратегиялык тандап алган багыттары бар. Көбүнүн каражат менен камсыздаган “демөөрчүлөрү” бар экендиги маалым. Ортодо ири каражатты “үлкөн кожоюндан” бөлдүрүп алып чабагандык иш жасаган эпчилдер шуулдап жүргөнүн деле кеп кылып калышат. Суусап тургандардын тилине эмин тийгизип койгон соң ошолор заматта мурдагы багытынан тескериленип кетээри жөн жерден эместир? Андайларды алаканга салгандай эле баамдап калышты десек бираз чычалап кетишээри турган иш. Бирок, турмуштун көп кырдуулугунан мындайды бөлө чаап салуу мүмкүнчүлүгү жок. Ар ким өзүнүн жөндөмүнө, мамилесине, дүйнөгө болгон көз карашына жараша оокатын жүргүзүүгө кызыктар.
Ошентсе да тирүүчүлүктүн жарыгын карай умтулууга жаш журналисттер далалат кылса жарашып калмак. Жалаң эптемейди, бирдемкени жулуп алмайды, бир жактуу соктурмайды өздөштүрө беришсе келечеги кандай болот деп эмнеге жүрөк оорутпайбыз деген соболго кана кимибиз жооп бере алабыз? Капчыктуулардын артынан сая түшүүлөр, анын күмөндүү калбыры бар экендигине карабай өлөрчө мактамай, кантип болсо да бирдемкени өөнөп алууга жанталбас кылуулардан кантип оолактайбыз? Буйрутма материалдардан эле көз каранды болуп калдык дегенден качуунун жолуна түшсө болобу? Антүүгө деле болорун ачык айтып коюга убакыт келди. Жай турмуштагы эле жакшы адамдардын бар экенине жон терибиз менен ишендик. Беш жылдан бери карай кайсыл бир саясатчынын, олигархтын, бизнесмендин эшигин сагаалаган күндөрдү эстей албай койдум десем ишенбөөчүлөр чыгаары калетсиз. Ооба, шайлоодо келишим түзгөн партиялардын талабын аткарууга муктаж болосуң. Эгерде ортодогу келишимди аткарбасаң балээге мыйзамдын негизинде кептелериң аштан бышык. Башка учурда өз күчүбүздүн аркасы менен гезитти окурман калкына тартуулап келатабыз.
Акыркы кезде биздин гезиттеги аянтка ашык болгондор арбыды. Айрыкча окумуштуулар, тарыхчылар, айылдагы интеллигенция өкүлдөрү, агартуучулар, жаштар биз менен тыгыз байланышта болуп жатканы кубанарлык. Көкүрөгүндөгү буулуккан ойлорун, проблемаларын гезит бетине жайгаштырууну көздөгөндөр да четте калбаганын кыстара кетели. Элеттиктердин жашоо-турмушун чагылдырууга да маани берилгени өзүнүн үзүрүн берип жатат дегенден тартынбайбыз. Колдон келсе ар кайсы алыскы аймактардагы маалыматтар менен гезит беттерин толтурууга бүткүл дараметибизди чегеребиз. Дагы бир артыкчылыгыбыз-башкалардай болуп эки-үч айлап каникулга чыгып кетпегенибиз. Анткени окурмандарды көпкө күттүрбөөгө олуттуу маани берилет. Кантсе да ошолордун колдоосунун негизинде жашообузду өткөрүп жатканыбыз кызылдай чындык. Карапайым элдин көйгөйүнө, адам тагдырына кайдыгер болбогонубуздан улам кадырыбыз калыңдап баратат десек болот. Гезиттин окумдуу, жугумдуу болушуна тиш кагып калган, тажрыйбалуу калемгерлердин кошкон салымы зор экендигин да жашырбай айта кетсем эп болоор? Алар кымтыкейликтен, эптекейликтен алыс экендиги аркылуу баалуу. Көтөргөн маселелери да эч кимди кайдыгер калтырбайт. Жалпак тилге салып, окурманга таасирдүү, түшүнүктүү кылып жазгандары да өзгөчө пикир жаратат. Удулу келип турганда ошол калемдештерге ыракматымды жолдоп кетейин.
Өлкөнүн башындагы азыркы кырдаал оңой эмес болуп турат. Жаңылануу, тазалануу, алдыга карай умтулуу мезгилдин өктөм талаптары. А бирок, оң багыттарга кадам шилтөөнүн тоскоолдуктары болуп жатканын деле байкап жатпайлыбы? Баарынан да “реваншисттердин” козголуп жатканы кооптуу болгону жалганбы? Алардын деле өз алдынча “максаттуу пландары” бар экенин сөзсүз “үч тамгачылар” эле билиши зарылбы? Жок, көөдөнү сокур болбогон адам мындай коркунучту сезип турганы жалган эмес. Деги алардын тилектери эмне, ошондойлор барбы дегендерге түшүндүрө кетеличи? Кара ниеттик кылууга, элди бөлүп-жарууга, өлкөнү ойрондотууга, бүлүк салууга ак эткенден, так эткендер арабызда эле тилин салаңдатып жүрүшөт. Ал тургай жүлүндү сыздаткан, өпкөнү козуткан дүүлүктүрмө кептерди айтып, акырын сезимиңди байкап иш кылгандардан этият болушубуз кажет. Алар эч кандай мекенчил, эр көкүрөк, элге күйүмдүү эместигин да аныктай кетели. Алардын карманган “кумирлери” алыстан турнабай салып, эмне болуп кетээр экен деп санаага батып турган кези. Убагында тышкы иштер министрлигин башкарып жүргөн Аликбек Жекшенкуловдун жакындагы маанилүү кебине кулак салбасак болбостур? –“Оболу бизге “реваншисттер” коркунуч келтирет. Ошолордон сак болушубуз керек”-деп ал киши бекеринен айтпаган шекилди. Кеп чынынан эч качан бузулбайт эмеспи? Ошол эле сепаратисттерди колдогондор эмнеликтен журт башчыга кайрылуу жолдоп калышты? Эптеп жылчык табуу үчүн алар жанталашып жатышканы белгилүү. Тилекке каршы айрым НПОчулар, сугалактар, “активисттер” Кадыржан Батыровду, Азимжан Аскаровду, качкандарды колдоп өлүп кете турган болушту го? Эми ошолорду “мекендешибиз” деп атасак туура болобу? Айтор, бөлүнүп-жарылууга ар бирибиз каршы турбасак биримдигибизге доо кетери турган иш.
Маалымат каражаттарынын алдында чоң жооптуу милдет турганын эске сала кетели. Ириде өзүбүздүн улут экенибизди, улуу журт болгонубузду даңазалап турушубуз маанилүү. Биздин туубузду көккө желбиреткен улуу демилгелерди дайыма колдоп турууга баарыбыз даяр бололу. Элдик баалуулуктарды, дөөлөттөрдү акча бирдигине байлоого акыбыз жок. Курсак тойот, жыртык кийим бүтөлөт, оокатыбызды өнтөлөп кыла беребиз. Бирок, кыргыз өлкөсүнүн бүлүнүшүнө, элдин ынтымак-ырашкерлигине, улуттук дөөлөттөргө жик салынса аны кайрадан калыбына келтирүүгө оорчулук жаралат. Азыр элдин көзүн ачкан, туура маалыматты жеткирген, ыйкы-тыйкылыкты чымдай баскан гезиттер, теле каналдар, башка каражаттар авадай зарыл болуп турат. Күнүмдүк кызыкчылыгын көздөгөн, мажирөө, көз каранды болгондор албетте опол тоодой мекен алдындагы милдетин өтөй алышпайт. Келгиле, позитивдүү ой жүгүртүп, жарык кыргызстандын келечеги үчүн ак кызматыбызды чегерели! Ушундай кыйын мезгилде патриоттук демилгелерибиз аркылуу өлкөбүздүн зор таянычына айланалы!
Булак: "Ачык сөз"