www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ экс-депутат Ыргал Кадыралиева маалымат жыйын куруп, «Республика - Ата Журт» партиясынын тизмеси-нин катарынан жакында эле депутат болуп келген Сагындык Келдибаевдин кош жарандык маселесин кайрадан козгоду. Кадыралиеванын айтымында, Келдибаев бүгүнкү күнгө чейин Россия Федерациясынын жараны. «Бул фактыларды териштирүүсүн Башкы прокуратурадан талап кылам» дейт Ыргал айым. Бул айтылгандар боюнча депутат Келдибаевге кайрылганыбызда, ал баары жалган экенин, Кадыралиевдердин үй-бүлөсүнүн кезектеги «шоусу» экенин айтып, Ыргал айымды сотко бере турганын билдирди.
- Сагындык мырза, Ыргал Кадыралиева сизди «мандатты мыйзамсыз алды, ал Россиянын жарандыгын тапшырган эмес» деп айтты. Бул туурабы?
- Мен депутаттык мандатты алганга чейин эле бардык жерде айтып келгем. Ооба, Россиянын жараны болчумун. 2006-жылы 10-октябрда орус жарандыгын алгам. Бирок, 2014-жылы декабрда жарандыкты тапшырдым. Себеби, мен Жогорку Кеңештин депутаттыгьша шайлоого аттанаарда мыйзамдар менен таанышкам. Орус жарандыгын тапшыруу керек экенин түшүндүм да, 2013-жылы арыз жазгам. Бир жылдай өткөн соң гана мага жооп келип, жарандыктан чыгарышкан. Ал боюнча консулдуктан, элчиликтен документтерди алып келип, БШКга тапшыргам. БШК жөн эле каттабайт. «Эгер менин жарандыгым боюнча
кандайдыр бир мыйзамсыздыктар болсо, жооп берүүгө даярмын» деп БШКга жазып, кол коюп да бергем. Мен мыйзамды сыйлаган адаммын. Мыйзам бузуп депутат болгудай мага мандаттын кызыгы жок. Мен «элге-журтка кызмат кылайын» деп гана депутат болдум.
- 2017-жылы соттолгондугуңуз тууралуу да айтып жатат...
- Ал карандай калп. Мен 51 жашка келип, кылмыш, соттук иштерге катышкан жан эмесмин. Күбө да болбогом. Качан, кандай кылмыш менен соттолуптурмун, далилдүү документтерин даярдап турсун, тастыктап берет. Мен аны сотко берем. Азыр тоодо сүт ичип жаттым эле, шаарга тушөрүм менен сотко кайрылам.
- Сизге «депутат катары УКМКга, прокурорлорго кысым кылып, Кадыралиевдин ишине кийлигишип жатат» деген да кине коюлууда,..
- Менин депутат болгонума эки эле ай болду. Кадыралиевдин иши үч жылдан бери келатат го. Сүйлөй берсе боло береби? Эл, айрыкча Өзгөн эли бүт билет алардын үй-бүлөсүнүн ким экенин, Эмнеге булар коркуп жатат? Ак болсо, соттун чечимине койбойбу, киши салбай. Бул иште мага ортого түшпөгөн адам калбады. Икрам Илмиянов, Манас Арабаев «кечирип кой эми» деп айтышты. Сотторго айттырышты. Мен дайыма сотторго айтып келатам, «мага жардам бербей эле койгула, мыйзамдуулукту сактагыла» деп. А.Кадыралиева өзү интервью берип, «үч жылдан бери чарчадык, соттор аукцион болуп калды» деп жатпайбы. Мунусун кандай түшүнсө болот? Демек, сотторго акча берип жатышыптыр да. Бул кылмыш.
Булак: АЗИЯньюс