www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлдабекованын адепсиз жоруктарынан улам 2020-жылы октябрда өлкөдө башаламандык туулуп, бийлик алмашкан. Шайлдабекова ким президент болсо ийилип жакындыгын көрсөтүп турат, бирок элге неге жакпады?Атамбаевге карындаш боло калып, БШК төрайымы болгон. Жээнбеков учурунда куда-сөөк боло калып жанын сактаган Шайлдабекова Жапаровдун убагында да хамалеондой түсүн тез өзгөрткөн. Президенттик аппараттын каржы тарабын эңшерип калган Искендербек Гаипкуловго ”шишка”  Касмамбетов кастыгын салдыбы же каржынын ала салдыпган Акылбек Жапаровдун азуулуу тиштери тийдиби ал кызматынан кеткен. “Улуттар Биримдиги” партиясынын лидери Мелис Мырзакматовдун кийлигишүүсү менен Гаипкулов БШКнын төрагалыгына кудаланып жатыптыр. Түштүк аймагында кадыр-баркы кыйла жогору Мырзакматов эгер Гаипкулов БШКга төрага болсо партиясын парламенттик шайлоодо тизгиндейби, ким билет?120 эмес, 90 мандаттуу парламентке  Шайлдабекованын БШКнын төрайымы катары барышына көпчүлүк нааразычылык туудуруп турат.

Кыргызстанда парламенттик шайлоону октябрь айында өткөзүү адат болуп калган. Бул ирет парламентке 120 эмес, 90 гана депутат келиши керек. Алардын ичинде 55 депутат партиялык тизме менен келишсе, калган 45 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. Мурун 120 мандаттын ичинен бир партия тең жарымын алганга гана мыйзам жол берсе, эми бир партия 55 мандаттын барын ээлеп алууга уруксат берилген. Шайлоого катышуу үчүн партиялар 1 000 000 сом төлөй турган болсо, жеке талапкерлер 100 000 сом күрөөгө төгүшөт. «Бир мандаттуулар» өзүн-өзү көрсөтсө дагы, партиянын атынан кайрадан чыкса болот. Бийликте кызмат өтөгөндөр шайлоого катыша алышпайт. Эгер талапкер болом десе, ал кызматын тапшырышы керек. Мурункулардан айырмасы үй комитеттеринин жетекчилери үгүт иштерине катыша албайт, болбосо акчаларды «мүшөктөп» алышып шайлоонун пайдасын мына ушулар көрө турган.

Тарыхка кылчайсак, легендарлуу парламент 350 депутаттан турган. Биринчи жана экинчи чакырылыштагы парламент эки палатадан туруп мыйзам чыгаруучу жагы 35, ал эми Эл өкүлдөр жыйыны 70 депутаттан туруп, бардыгы 105 депутат болгон. Үчүнчү чакырылыштагы парламент 70, төртүнчү чакырылыштагы парламент 90 депутаттан турган. Бешинчи жана алтынчы чакылыштагы парламент 120 мандаттуу болгон. Шайлдабекова БШКны жетектегенден бери кимдер парламенттин төрагасы болушту: Жээнбеков Асылбек (2011-2016), Турсунбеков Чыныбай Акунович (2016-2017), Жумабеков Дастан Артисбекович (2017-2020), Мыктыбек Абдылдаев (2020), Мирлан Бакиров (2020), Канат Исаев (2020), Талант Мамытов (2020 жылдан бери).

Өз атасынын атын туура жаза албаган Нуржан Шайлдабекова эл алмашса да алмашпай койду. Садыр Жапаров президент болгон соң кайрадан БШКнын  башына келип Садыр Жапаровго жакшы –тилек айткысы келип турат. «Карга карганын көзүн чукубайт» деген макал бар. Атамбаевдин заманынан бери алмашпас Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы болуп келаткан Нуржан Шайлдабекова турганда заман оңолуп кетпеси чын. Ким мамлекет башына президент болуп келсе «жылт» этип хамалеончо өңүн өзгөртүп турат. Атамбаев президент болуп турганда өзүн чүйлүк карындашы эсептеген Нуржан Шайлдабекованын жылдызы жанат. Ал космостук ракетанын ылдамдыгы менен кызмат тепкичинен учуп эксперттен Атамбаевдин колдоосу менен Кыргыз Республикасынын аппаратынын мыйзамдарды координациялоо тобунун жетекчиси кызматына көтөрүлөт. 2012-жылы укук иштери боюнча президенттик аппаратта жетекчилердин бири болуп, тез эле Президенттик аппаратын жетекчисинин орун басары катары Икрам Илмияновдун ордуна келет. Андан соң Илмияновго мамлекетти башкарткан Атамбаев, Нуржан Шайлдабекованы Борбордук шайлоо комиссиясын башкартып койот. Ошентип, үй-бүлөлүк-кландык башкаруу кайрадан башталат. Нуржан Шайлдабекова бир иниси Турат Шайлдабековду Ысык-Ата районундагы Люксембург айылдык кеңешинин төрагасы ордуна алып келсе, экинчи иниси Азатбек Шайлдабековду ошол эле райондогу Кант шаардык кеңешинин төрагалыгына алып келген. Инилери да партиядан партияны тандаган жер куруткан немелер. Убагында Акаевдин «Алга,Кыргызстаны» партиясынан баштап,кийин «Ак жол» партиясына өтүшсө, андан СДПКга, СДПКнын иши бүткөн соң, Бабановдун «Республика» партиясына кире качышкан. Эми да жакшы партияны мээлеп турушат. Жээнбековдун бийлиги учурунда терисин тескери жамынган Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Жээнбековго жакын куда-сөөктөрүнө айланып, өз ордун өжөрлүк менен сактап калат.

Үй-бүлөлүк –кландык  башкарууну түзгөн Шайлдабекова өкчөгөн чүкөсү дагы  айкүр конду, анын дагы бир  иниси Садыр Жапаровду коштоп жүргөн мамлекеттик күзөттүн кызматкерине айланган. Шайлдабекованын иниси деп айтылган күзөтчүнүн аты Адилбек Кармабеков. Президенттик шайлоо учурунда  соцтармактарда Кармабековдун туулган күнүндө тартылган сүрөт да жарыяланган. Аны куттуктап президент Жапаровдун сөзүн сүйлөп калган Нуржан Шайлдабекова да барган. Албетте, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова инисин президентке талапкерге кошуп койгону мыйзам тарапка жол берсе да, абийир жактан жол бербестир. Кайсы мамлекетте БШК төрайымынын иниси президентке талапкерди коштоп жүрдү эле? Ал эми экинчи коштоп жүргөн күзөтчүнүн аты Эраслан Усупов. Буга чейин соцтармактарда анын тапанча салчу баштык тагынып жүргөн тасмасы тараган. Ал эми Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү Александр Мощин ал «оюнчук тапанча болушу мүмкүн» деп божомолдогон. Эксперттер Жапаровду үгүт иш-чараларында коштоп жүргөн Усупов ал премьер-министр болуп турганда да жанында болгонун оң колундагы тырык менен далилдеп жүрүшөт.

Былтыртан бери Шайлдабеков шайды оодарып бир топ шайлоолорду өткөздү: 2020-жылы октябрда парламенттик, 2021-жылы январда президенттик, 2021-жылы апрелде жергиликтүү шайлоо болгон, эми да 11-июлда  Бишкек, Ош баштаган шаарлар кайрадан өткөзөт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости