www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Океандын түбүндө материк табылды.

Илимпоздор чыгыш Африкадагы арал өлкө Маврикий жайгашкан жерде үч миллиард жыл мурда материк болгонун белгилешти.

Изилдөөчүлөр вулкандык лава ичиндеги кристаллдар аркылуу деңиздин түбүндө сакталган материкке байланыштуу далилдерди аныкташты. Изилдөөнүн алкагында Маврикийде 2,5-3 миллиард жыл мурдагысынан калган кристалл циркон бөлүктөрү табылды.

Вулкандык арал болгон Маврикийдин астына жашырынган материкке байланыштуу дагы да көп далилдердин табылаары сөз кылынды.

Норвегия, Түштүк Африка, Германия жана Англиядан илимпоздор 2013-жылы Инди океанынын түбүндө 50-80 миллион жыл мурдагысына таандык 25-30 километр калыңдыктагы материкти аныкташкан болчу.

Илимпоздор материктердин бири-биринен бөлүнүү процессинде чоң толкундардын астында калып океандын түбүнө көмүлгөндүгү айтылган дайынсыз материкти «Mauritia» деп атап коюшкан.

Болжол менен 1 миллиард жыл мурда жер шарында «Родиния» деп аталган жалгыз материктин болгонуна көңүл бурган илимпоздор, андан кийин ири кыта бир канча бөлүккө бөлүнүп учурдагы материктерге форма бергенин айтып келишкен.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости