www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 12-майда, Бишкекте "Таза шайлоо - туруктуулуктун жана тынч бийлик алмашуунун негизи" аталышта форум-диалог болуп өттү. Ага ЖКнын депутаттары, бир топ саясий ишмерлер, укук коргоочулар катышып, сүйлөгөн сөздөрү кызуу талкууланып жаткан кези.

Алдыда боло турган президенттик шайлоого талапкер Темир Сариев, “Акаевдин бийликтен кеткенине 12 жыл болсо да, дагы эле «Акаевчи» дейбиз” деп нааразы болуп, “иш-чаранын максаты - президенттик шайлоого даярдык жана аны таза, тынч өткөрүү эрежелерин тактоо” болгондон кийин, шайлоонун эрежесин сүйлөйлү”деп, өз оюн ортого салды.

-Шайлоонун жыйынтыгы биримдикке алып келеби же талаш тартышка алып келеби - бул БШК, аткаруу бийлиги, шайлоочулардын өзүнөн көз каранды. Шайлоонун жыйынтыгын биринчи эл, талапкерлер таанышы керек. Программалар тууралуу айтып жатасыңар, аны жазам дегендер бар, чыгып жатат. Президентикке келчү адамдын жеке өзөгү болуп, чечкиндүү болушу керек. Милдетин албай илдетин алып, бардык тармактар бирдей өнүккөнгө шарт түзүшү зарыл. Азыр мурунку шайлоо процессине кайтуу тууралуу айтылып жатат. Бул боюнча 2015-жылы мен премьер-министр болуп турганда кат жазышкан. Биометрикадан баш тартып, мурунку мыйзамга келели деп сунушташкан. Ошол жерде чогулуш болуп, мен биз ага бара албай турганыбызды айткам. Мурун шайлоодо бюллетендерди пачкалап салгандарды билебиз. Коомдук көзөмөл кылам десеңер макулбуз. Ошону колго алып, аудит кылалы. Жигиттик келишимдин жакшы жактары бар ойлонуш керек. Укуктук эмес моралдык жоопкерчиликке алып келет. Аны карап чыгышыбыз керек!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости