www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чек арадагы азыркы кырдаалга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен эвакуациялоого 10 техникасы, 150 ашуун кызматкер тартылды

--"Баткен облусунун Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Таш айылындагы чек-ара маселеси боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чыр чатак катталган. Күч алганындыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жеринде ӨКМдин иш-чараларын көзөмөлдөп жатат.  Баткен облусунун Ак-Сай, Самаркандек жана Ак-Татыр айыл аймактарынын аймагында “Өзгөчө абал” режими киргизилди. Ак-Сай, Кызыл-Жол жана Кевит айылынын тургундары коопсуз жайга эвакуацияланды. Аларга ысык тамак-аш берүү жана биринчи керектелүүчү каражаттар уюштурулду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эвакуациялоого 10 техникасы, 150 ашуун кызматкер тартылды. Райондук жарандык коргонуунун медицина кызматынан 13 тез жардам автоунаасы жана автотранспорт кызматынан 60 айдоочу тартылууда.  Лейлек районунан 900 жаран Баткен шаарына, ал эми 300 жаран башка коопсуз жайга, 200 туугандарынын үйүнө жайгаштырылган", - деп айтылат маалыматта. 

Учурдагы Кыргызстандын Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал тууралуу маалымат. 

Баткен облусунун Лейлек району боюнча өрттөлгөн турак үйлөр: Кулунду айылында - 2 турак үй, Максат айылында -10 турак үй, жалпы: 12 турак жай өркттөнгөн. Ошондой эле Баткен районунда 1 мектеп, 9 турак үй, 10 май куйуучу жай, 2 ресторан, 8 магазин жана 1 казино күйүп кеткен, 1 чек ара заставасы, Ак-Сай айылында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу 1 Өрт куткаруу бөлүгү өрттөнгөн. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости