www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз тараптын демилгеси менен кечээ, 29-апрелде Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Алар 28-29-апрель күндөрү эки өлкөнүн чек арасында орун алган окуялар боюнча пикир алмашты.

Тажикстандын министри коңшу өлкө менен болгон мамилени өнүктүрүү Тажикстандын тышкы саясатынын приоритеттүү багыты экенин белгиледи.

Анын баамында, Тажикстан мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоого байланышкан маселелерди сүйлөшүү жолу менен, ошондой эле өздөрүнүн кызыкчылыгын эске алуу менен чечүүгө кызыкдар.

«Тажикстан эч качан илгертен бери ээлеп келген жерлеринен баш тартпайт», - деди Сирожиддин Мухридди.

Министрлер мамлекеттик чек арага тиешелүү көйгөйлөрдү сүйлөшүү жолу менен гана чечүү, башка кызыкдар жактардын чагымчылдык аракеттерин тыюу керек экенин белгилешти.

Ошондой эле чек арадагы ишенимдин жоктугу жаңы кагылышууларды пайда кылып, оор кесепеттерге, анын ичинде жашоочулардын арасындагы адам өлүмүнө алып келиши мүмкүн экени айтылды.

«Министрлер мамлекеттик чек арага байланышкан оор көйгөйлөрдү чечүүдө бекем саясий эркти көрсөтүү керек экенине макул болушту», - деп айтылат Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматында.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости