www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө жана Өкмөттүн социалдык тармактары аркылуу түз эфирде коронавирус боюнча Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов онлайн пресс-конференциясында маалымат берди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Анда, «Кыргызстандагы коронавирустун жайылышын чектеп, аны жок кылуу үчүн Япониянын тажрыйбасы пайдаланылат» — деди Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов.

Министрдин орун басарынын айтымында, жеке гигиена менен тазалыкты сактоо боюнча бир катар эрежелерди так аткаруу жетиштүү. Ошондуктан, инфекцияны жуктуруп албоо жана COVID-19 вирусун жок кылуу үчүн 15 минута сайын жылуу кайнатылган суу ичип, оозду туздуу суу менен чайкоо жана 2 саат сайын бөлмөлөрдү дезинфекциялап, желдетип туруу сунушталат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости