www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020 –жылдын 10-мартында саат 08:50 чамасына Ахунбаев жана  Чортеков  көчөлөрүнүн кесилишинде  Тойота  Эстима үлгүсүндөгү автоунаанын белгисиз айдоочусу 1969-жылы туулган М.Д.аттуу жарандын башкаруусундагы  Хендай Соната үлгүсүндөгу автоунааны сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.

Кийин 2020-жылдын 13- марттында саат 15:00 чамасында Хендай Соната үлгүсүндөгү автоунаанын  1969-жылы туулган М.Д. аттуу айдоочусу качып кеткен Тойта Эстима үлгүсүндөгү айдоочуну үйүнөн таап, Бишкек ш.ИИББнын “102” кызматына кабарлаган.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ш.ИИББгы боюнча Милициянын кайгуул кызматы барып, Тойота Эстима үлгүсүндөгү айдоочунун өздүгүн тактаганда 1966-жылы туулган М.Р. аттуу аял экендиги белгилүү болгон. Бирок айдоочу Милициянын кайгуул кызматкерлеринин мыйзамдуу талабына баш ийбей, оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, төшүндөгү видео трекерин ыргытып, жана унаа менен сүзгөнгө аракет кылып, өмүрүнө коркунуч келтирген.

Көрүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында Бишкек ш.ИИББгы боюнча Милициянын кайгуул кызматкерлери менен Ленин районунун ИИБнын ыкчам кызматкерлери 1966-жылы туулган М.Р. аттуу айдоочу аялды шектүү катары  Ленин районунун №2 шаардык милиция бөлүмүнүн Тергөө кызматына өткөрүп берген.

Бул факт боюнча  Ленин районунун ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана Жооруктардын бирдиктүү рейсттине катталып, Кыргыз Республикасынын  Жазык кодексинин 355-беренесинин 2-бөлүмүнүн (Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Ал эми автоунаа айып төлөөчү короо жайга токтотулду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости