www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 19-мартта Бишкекте ыктыярчылар бет кап таратышты. Бул тууралуу “СейчасKG” телеграм-каналы билдирди. Акцияны Santo фармацевтикалык компаниясы уюштуруп жатат.

“Биздин өлкөгө келип, кеткендер дайыма кыргызстандыктардын боорукерчилигин жана кишиге кылган жакшылыгын баса белгилешет. Бирөөгө кандайдыр бир жардам керек болсо, эч ким четте турбарын биз өзүбүз да билебиз. Бул биздин биринчи реакциябыз. Адам финансы жактан жардамга же жөн эле жылуу сөзгө муктажбы айырмасы жок”,-деп компаниядан билдиришкен.

“Ошондуктан биз бүгүн медициналык бет каптарды бекер таратууну чечтик. Бул биринчи жакшы сигнал болуп саналат: биз биргебиз, ошон үчүн баарын жеңебиз. Бары жөнөкөй, адамдар адамдарга жардам берип жатат”,-деп компаниянын өкүлдөрү айтышты.

Santo компаниясы ушундай кырдаалда коом алдында жоопкерчиликти сезип жатат. Ошондуктан өзүнүн ресурстарын калкка жардам катары жиберүүдө. Бир күндө (акция 20:00гө чейин болот) ыктыярчылар шаардын райондорунда 15 миң бет кап таратат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости