www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ӨКМ: Ошто каналга түшүп кеткен кичинекей бала табылды

Ош облусунун Кара-Суу районунда сууга түшүп кетти деген төрт жаштагы бала аман-эсен табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 22-сентябрь күнү саат 17:46лар чамасында 112 кызматына Жаңы-Учар айылындагы Кайырма каналына кичине бала түшүп кеткени тууралуу маалымат келип түшкөн.

Издөө иштерине ӨКМдин Ош шаардык куткаруу кызматынын өкүлдөрү тартылып, баланы табышкан. Бөбөк ата-энесине аман-эсен өткөрүлүп берилген. ӨКМ анын абалы жакшы экенин кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости