www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кабылан менен кармашкан Аманбай

Жалпыга маалымдоо каражаттарында Бөдөш Аманбаевна Мамырова жана анын ишмердүүлүгү  тууралуу айтылып, жазылып жүрөт . Бирок анын атасы ким болгонун, кандай киши болгонун көбү билбесе керек.  Аманбай абаны жалпы Алай тааныганы менен, анын басып өткөн өмүр жолу азыр көбүнө уламыш сезилип кетиши мүмкүн.

Аманбай аба Алайдын Бүлөлү айылында туулуп өсүп, эл жүгүн аркалаган асыл кишилерден болгон. Союз учурунда он жылдан ашуун убакыт Айылдык Кеңешти башкарып  (сельсовет) элдин кадырына ээ болгон . Жеке адамдык сапаттары: калыстыгы, адилеттүүлүгү , нарктуулугу, боорукерлиги менен айырмаланган. Жаратылышынан баамчыл, сыр билги, кыраакы адам эле дешет билгендер.

Аманбай аба менен чогуу жүрүп, иштешип калган, азыркы учурда айылда бирин-экин калган аксакалдар ал кишини азыр да чоң урмат менен эскеришет .

Аманбай абанын кадимки кабылан менен кармашканы азыр да Алайдын улуу муундагы кишилеринин арасындааңыз кеп болуп жүрөт.

Аманбай абанын кабылан менен кармашканы 1974-жылдын ноябрь айларында Алайдын Чоң-Өрдөш жайлоосундагы Эрменди капчыгайында  болгон.

Адам эмне болсо болсун, ак кой өлбөсүн деген ошол  учурда Тажикстандан Алайга алынып, жергиликтүү шартка жаңы ыңгайланышып келе жаткан топоз чарбасын аман асырап, сактап калуу  милдети катуу коюлган.

Эрмендидеги  топоздорду толуктап карап келмек болгон Аманбай аба жайлоого киргенде алдынан эки жашардай топозду кабылан жеп жатканын көрөт. Аманбай аба огун атып түгөткөн соң кабылан качырып кирип, колундагы мылтыгын апчып кармап, ыргытып жиберет. Оң колунун жеңин колуна  уучтай кармап, кабыландын оозуна колун тыгып жиберип, бири-бирин карыша кармап туруп калышат. Сол колу менен кындагы бычакты алып,кабыланды жүрөк тушка мылгытып өлтүрөт.

Абабыз Алайдагы райондук ооруканага кансырап келип, кийин жакшы болуп кетет . Ооруканага келгенде эле “Бүлөлүдөгү Аманбай кабылан менен алышыптыр” деген кабар райондо  “дүң” эле дей түшөт.

Аманбай аксакал пенсияга чыккандан кийин да  айылдын өнүгүшүнө, чарбага абдан чоң эмгеги сиңген.

Тажикстандан алынып келинген топоз чарбасы Союз урагандан кийин жеке колго , жеке чарбага тийиштүү болуп, кээси андан ары тукумун көбөйтүп жөндөп кетсе, кээси жоюп жок кылды. Сүйүндүргөнү  Козан аба, Аманбай аба жана башка кишилер алып келген топоздордун тукуму азыр да сакталып  турат.

Бул абабыздын элге кылган жакшылыктарын Жараткан акыретте өзүнө жолдош кылсын.

“Аккан арыктан суу агат” демекчи кыргызым бул сөздү жөн айткан эместир. Жогорку Кеңештин мурунку чакырылышынын депутаты, вице-спикери Бөдөш Аманбаевна Мамырова жогорудагы өмүрү өрнөк кишинин кызы .

Тайманбастыгы, калыстыгы, элиме кызмат кылсам деген тилеги да Бөдөш Аманбаевнага абабыздан өтсө керек.

Аскар Молошев, аналитик, дин таануучу

Булак: ruh.kg

Последние новости