www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Качан карасаң оозун жалайыктай кылып, адамдын итиркейин келтирип тузу жок нерселерди тантырап интернетке чыга берген Илим Карыпбеков бул сапар чектен абдан эле чыгып кетти.  Бул тантык кыргыз эли сыйлаган азаматтар: Мадумаров, Ташиев, Сатыбалдиев, Келдибеков, Төрөбаевдердин кыргыз улуттук кийимдерин кийип түшкөн төмөндөгү сүрөтүн коюп "кукловоддор, сатылма матрешкалар, сатып алсаңарям болот" деп пост чыгарыптыр. Оболу каери менен ойлонуп чыгарып алды билбейм, бирок бир аз туруп ошол посту удалить этти.  Айтылган сөз атылган ок, көрө тургандар көрүп, окуй тургандар окуп калышты. 

Илим Карыпбеков, "өзүңдө турса айып, кимге барасың тыржайып" деген сөздү уктуң беле? Укпаган болсоң угуп ал да, сага айтыла турган жоопту аш кылып ал. Сенин эркек деген атың болсо да, мен эмнегедир сени жүрүм туруму начар, оозу кулагына жетип жыртаңдаган, өзүн базарга салгандай кыйшаңдаган, жанагы панелде турган ойсекелерге окшото берем. Сен ар жолу интернетке чыккан сайын, сени ар көргөн сайын, сенин тузу жок сөздөрүңдү окуган сайын:  "ушул кантип КТРКны башкарып жүрдү экен" деп таң калганым токтобойт.

Биринчиден: бул азаматтар эл сыйлаган, элдин жүгүн көтөргөн саясатчылар. Сен булардын тырмагына да арзыбаган "марионетка" экениңди өзүң сезбейт окшойсуң. "Марионетка" экениң жалганбы? Кокондон келген Шаманын тукуму болгон Атамбаевдин түбүнөн чыкканыңа канча күн болду? Атамбаевдин, Сегизбаевдин жалаң жалган жалааларын КТРКдан байма-бай берип, элдин башын айланткан сен эмес белең? Бир убактарда сенин жеген наның, ичкен чайың, ырдаган ырың Белизгейт, Маевский, ал эми тынбай каралаганың Садыр, Камчы, Акматбек болуп калбады беле? Дагы булардан албаган кандай өчүң калды? Же дагы деле түрмөдөн заказ алып жатасыңбы?

Экинчиден: булар кыргыз улуттук кийимин кийип сүрөткө түшүшүптүр, анын эмнеси жаман? Булар Ташкентке барышып, өзбек чапан, допуларды кийишип: "Мирзяев менин президентим" дешкен жок го бирөөлөргө окшоп. 

Баарынан да  "сатып алсаңарям" деп түштүк элин шылдыңдаганың ашыкча болуп кетти. Бузулган катындарча оозуна келгенди кайтарбай сүйлөсүн деп, сага ким укук берген? Өткөндө эле түштүк элинде иштеп келгем деп, бир аз мактамыш  болуп, бирок ичиңдеги түштүк элине болгон жек көрүүңдү айтып алган элең, бир ок менен эки коен атып. Эми болсо минтип жалжактап олтурасың. Түштүктө иштеп жүрүп, түштүк элинин тузун ичип, сыйын көрүп, жакшы эле мейманы болгон болушуң керек. Ошол тузу уруп кетсин. Былтыр эле авария болуп, нары барып-бери келип, жашоонун, адамдардын кадырын биле турган болуп калышың керек эле. Бирок көзүң ачылбаптыр.

Акырында сага айтарым: түштүк элин мактаба да, жамандайм деп убара да болбо. Сендейлер түштүк эли жөнүндө сүйлөшкө акыңар жок. Түштүк эли сен жана, сенин өлүп кеткен таенең экөөңдүн тузу жок юморуңар эмес, каалаган убакта чыгып чалчаңдай бергидей. Өлөр эчки койчумандын таягына сүйөнөт болуп, сен түштүктөн чыккан беш азаматка сасык оозуңду ачып алыпсың. Тезирээк кечирим сурап кал.

Шамурза Борукулов

Булак: NazarNews.kg

Последние новости