www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 23-мартта Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри Эркин Асрандиев маалымат жыйын учурунда азык-түлүккө болгон баа үч пайызга жогорулай турганын билдирди.

"Ошондуктан баарын баанын көтөрүлүшө даяр турууга чакырмакчымын. Кризистин кесепетинен инфляция өсүп жатат. Бирок өкмөт баалардын кескин жогорулап кетишине жол бербөө боюнча иш алып барууда", — деди Асрандиев.

Белгилей кетсек, Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги 11 азык-түлүктүн орточо баасын бекиткен.

Эске салсак, коронавирус боюнча Республикалык штабдын маалыматына карганда 23-мартка карата коронавирус жуктуруунун жаңы учуру катталган жок. Бардыгы болуп республикада COVID-2019 кабылгандардын саны 14 (6 эркек, 8 аял). Бейтаптардын жаш курактары 25 жаштан 80 жашка чейинкилер, бардыгы тиешелүү дарылануудан өтүүдө. Бейтаптар менен байланышта болгондордун саны - 2628 адам.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости