www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ахматбек Келдибеков Аида Салянованын эжесин сотко берди

Парламенттин экс-спикери Ахматбек Келдибеков мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын эжеси Чынара Турдалиеваны сотко берди.

Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, буга Чынара Турдалиеванын Ахматбек Келдибеков тууралуу жазган билдирүүсү себеп болгон. Бул тууралуу жоопкер Чынара Турдалиева ЖМКларга: “Ахматбек Келдибеков Өмүрбек Текебаев жөнүндөгү пикирин айткан. Мен ага жооп берип, жарандык позициямды гана билдирдим”,-деп айткан. Анын айтымында, бул Келдибековду акаарат кылуу эмес, жөн гана фактыларды констатациялоо (болгонун болгондой айтуу).

“Мен албетте, Келдибеков мени сотко бергенине таң калып жатам. Мен саясатчы же белгилүү адам эмесмин, мен катардагы мамлекеттик компаниянын кызматкеримин. Эгер Келдибеков соттошкусу келсе, демек, мага баарына белгилүү болгон фактыларды далилдөөгө туура келет”,-деп белгилеген ал.

Азырынча доогер тарап менен анын адвокаттары бул маселе жөнүндө пикир билдирише элек.

Арыз Бишкектин Октябрь райондук сотуна берилген. Ахматбек Келдибеков 5 миллион сом талап кылып жаткандыгы маалым болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости