www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин экс-спикери Акматбек Келдибеков мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын тууганы Чынара Турдалиеваны сотко берген. Ал, 26-февралда «Фейсбуктагы» жеке баракчасына жазган билдирүү жазган. Жыйынтыгында Акматбек Келдибеков «ар-намысыма шек келтирди» деп,  Бишкектин Октябрь райондук сотуна кайрылган.

Ага утурлай саясатчы Эмилбек Каптагаев, “Жакшы эле "бизнес" болобу деп мен дагы ойлонуп жатам... Эки-үч күн мурдагы Ташиевдин мага карата "чагымчыл, караөзгөй" деген жалаасы, анын Фейсбуктагы ошол постуна колдоочулары жана тарапташтары жазып жатышкан мага карата жеке "оскорблениелер" боюнча сотко берсем бери дегенде 50-60 млн сом жыйнап алчудаймын... Анан дагы Фейсбукту ары бери аңтарсам Каптагаевдин ар намысына шек келтирмек тургай тикелей эле "ажылыктан акча жеген", "ячейкадан акча уурдаган", "экопосттон акча шыпырган" - деген сыяктуу ушактар менен карандай эле шыбап жазгандар да толтура го... алардын ар биринен дагы 5 миллион сомдон өндүрсөм Кыргызстанда менден бай адам жок болот го дейм... иттики десе... Эмнеси болсо дагы учурунда ушак менен жалааны каалашыңарча жаап өз моокумуңарды кандырып жүргөндөр азыртадан ойлонуп, не бар не жок соттун чечими чыгып калса Каптагаевке 5 миллион сомду кайдан таап берем деп чоттоп камданып койгула... Алдын ала эскертип атканым, кийин шаштыңар кетип калбасын деп», өзүнүн социалдык тармагына жазып чыкты.

Бул көрүнүш атаандашуубу же чын эле сотко береби күтө туралы...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости