www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда коронавирустан сактануу үчүн таштандыда жаткан эски, колдонулган беткаптарды издеп таап, чогултуп жаткан адамдын видеосу социалдык тармактарга жарыяланып, катуу талкууга түштү.

Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу  Адилет Ногойбаев аталган видеону жарыялап, “Беткаптарды колдонгондон кийин аны айрып анан таштагыла, антпесе ушул сыяктуу адамдар ыргытылган беткаптарды кайра колдонууга алышат, этият болгула!”-деп жазды.

Видеонун автору өзбек тилинде “мына, коронавирус кайдан чыкканын билип алгыла, этият болгула” деп айткан.

Эске  сала кетсек, Өзбекстанда биринчи жолу коронавирус 15-мартта катталган. Акыркы маалымат боюнча, вирус жуктургандардын саны 46га жетип, бир адам көз жумган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости