www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны башталды. Отурумдун жүрүшүндө 1-вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Нарын облусуна эмне үчүн өзгөчө абал киргизилгенин түшүндүрдү:

“Өзүңүздөр билесиздер, акыркы күндөрү Ат-Башы районунда 19 адамдан илдет аныкталды. Ошондуктан, аймактагы дарыгерлердин суранычы, жергиликтүү элдин өтүнүчү менен өзгөчө абал киргизүүгө аргасыз болдук”, деди 1-вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.

15-апрелге карата Кыргызстанда вирус жуктурган 19 жаңы учур катталды. Бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 449 болду. Булардын ичинен беш бейтап каза болгону мурда кабарланган. Жалпысынан сакайып кеткендердин саны 78.

Белгилей кетсек, 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген. 14-апрелде мындай абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости