www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 15-апрелде Жогорку кеңештин отурумунда депутат Иса Өмүркулов коронавируска каршы күрөшүү эсебине түшкөн каражаттарды өкмөт ачык билдирүүсү керектигин айтты.

"Өкмөт аткарып жаткан иштери боюнча маалымат каражаттарына ачык чыгып турушу керек. Атайын эсепке түшкөн каражаттары ачык, айкын көрсөтүү шарт. Айрымдар каражаттар туура эмес жактарга колдонулуп жатат дегендей сөздөрдү айтышат", - деди Иса Өмүркулов.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүнкү күндө гуманитардык жардамдарды кабыл алуучу эки эсеп иштеп жатканын билдирди.

“Биринчиси Саламаттыкты сактоо министрлигине бул элибизден, демөөрчүлөрдөн түшкөн каражат. Анын суммасы 125 миллион сом. 38 миллион 500 миң сом март айындагы медицина кызматкерлеринин кошумча каражатына төлөнүп берилди. Башка акча орудунда турат. Жеп алды, көрсөтпөй жатат деген сөздөр туура эмес. Экинчи эсеп 13 миллион 500 миң сом акча түштү, бул Эмгек жана социалдык министрлигинин эсебинде турат. Анын 4 миллион 300 миң сому чыгымдарга жана жардамга муктаж адамдарга иштетилди. Түшкөн каражаттар сайтка жайгаштырылат. Сайт бүгүн-эртең иштеп баштайт", - дейт Кубатбек Боронов.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости