www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны башталды. Отурумдун жүрүшүндө Кубатбек Боронов учурда Кыргызстанга келе албай турган жарандардын саны 4371 адам билдирди.

"2020-жылдын февраль айында Кытайдын Ухань шаарынан студенттерди алып келүү менен башталган. Ошондон бери Египет, Малайзия, Сауд-Арабия, Түркия, Таиланд, Иран, Индия, Орусия жана башка өлкөлөрдөн 6 миңден ашуун кыргызстандыктар мекенине алып келинген. Мындан тышкары Иранда калып калган айдоочулар өз унаалары менен Кыргызстанга жеткирилген.

Учурда Кыргызстанга келе албай турган жарандардын саны 4371 адам. Орусия, Украина, Беларус жана башка шериктештик өлкөлөрдө бүгүнкү күнү 2880 адам мекенине келүү ниетин билдирип турушат. Мындан тышкары Түркияда 487 адам, Араб эмираттарында 350, Пакистанда 135 жаран бар. Индиядан 121 адам, Мальдива, Шри-Ланка, Таиланд, Бали, Индонезия, Бельгия, Франция сыяктуу чет мамлекеттерде мекенине кайтууну көздөп турган кыргызстандык жарандар бар,- деди 1-вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.

Ошондой эле Боронов аларды кайтарып келүү үчүн ошол өлкөлөрдүн бийликтери, аба компаниялары менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, биринчи мүмкүнчүлүк болору менен алып келинерин айтып кетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости