www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда коронавируска чалдыгуунун үчүнчү толкуну болуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелдеги брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, биринчи учурлардан тартып бүгүнкү күнгө чейин коомдук саламаттыкты сактоо кызматы эпидемиялык очоктордун чектерин аныктаган.
"Биринчи толкун инфекцияны алып келишкен учурда пайда болду, андан кийин экинчи толкун –алар менен байланышкан жана жакындан байланышкандар. Үчүнчү этап-азыркы этап, илдетке чалдыккандарды каттоо убагы...
Учурда илдет жергиликтүү калк арасында жугуп жатат. Медицина кызматкерлери эпидемияга каршы профилактикалык иш-чараларды активдүү жүргүзүп жатышат, бирок, тилекке каршы, бизде инфекция учурлары бар. Саламаттыкты сактоо министрлиги мындай көрүнүштөрдүн алдын алуу үчүн бардык чараларды көрүп жатат ", - деди Нурболот Үсөнбаев.
Булак: NazarNews.kg