www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов маркум Чыныбай Акунович менен Кушбак Тезекбаевичти эскерип жазып чыкты.

"Кыргызды кыйынчылыкка салган өнөкөт оору — арабыздан жакшы адамдарды алып кетти. Колубуздан жулдуруп, арга таппай калып жатабыз.

Шум ажал Чыныбай Акунович менен Кушбак Тезекбаевичти түбөлүк жайына алыптыр. Кайгырып, көңүлүм чөгүп отурам.

Жараткан, алардын жаткан жерин жайлуу кылсын. Жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтам. Түбөлүк жайда тынч уктаңыздар...", - деп жазган Искендер Матраимов.

Эске сала кетсек, 6-июлда, Улуттук госпиталдын реанимация бөлүмүндө Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков каза болгон. Анын сөөгү бүгүн, 7-июлда, “Ала-Арча” көрүстөнүндө жерге берилди.

Белгилүү болгондой, Кушбек Тезекбаев 7-июлда саат 9:00дө көз жумду.

Алдын ала берилген маалыматтарга караганда ал пневмония илдети менен ооруган. Анын анализинен коронавирус аныкталган. Кушбек Тезекбаев 68 жашта болчу.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости