www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиялык акын Максим Федин кыргыздардын эркиндиги тууралуу ыр чыгарды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

«Кыргыздардан эркиндикти эч ким тартып ала албайт» деп аталган ырды ал 5-июлда чыгарып, баракчасына жүктөгөн.

Анда кыргыз элинен эркиндикти эч ким тартып ала албай турганы, эркиндик кыргыздын жүрөгүндө экени баяндалат.

Ошондой эле, ырдын текстинин жанына ат минип турган калпак кийген кыргыз мырзасы тартылган.

Белгилей кетсек, бул ыр Фединдин кыргыздарга арналган алгачкы чыгармасы эмес. Буга чейин жол кырсыгына кабылган ырчы Асель Кадырбековага арнап ыр жазган. Кийин кыргыздарга болгон кызыгуусу артканбы, айтор кыргыз элине "Кыргыздарды "Киргиз" дебегиле", "Анара" аттуу айымга арнап ыр жазып, эми боз-үй тууралуу ыр жазсам деген ниетин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости