www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кафелерде, ресторандарда, тойканаларда орунду көбөйтүүгө уруксат берилбейт. Бул тууралуу өкмөт башчы Кубатбек Боронов бүгүн, 15-сентябрда брифингде кабарлады. Ал учурда кафе-ресторандар менен тойканаларда кардарлардын санын 100 кишиге чейин көбөйтүүнү сунуш кылып кайрылгандар көп болуп жатканын билдирип, бул маселе штабда каралмайынча ага уруксат берилбей турганын эскертти:

«Эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен тойканаларда 100 орунга чейин уруксат берүү боюнча маселе республикалык штабда каралмайынча, алардын ачылбай тургандыгын эскертемин. Азыркы тапта жарандардан, ишкерлерден кафе-ресторандардагы орундарды 100-150гө чейин көбөйтүү боюнча талаптар, суранычтар түшүп жатат».

Премьер-министр Кубатбек Боронов бул маселе кырдаалга жараша каралышы ыктымал экенин кошумчалады.

Өкмөт башчы маалымат берип жатып, учурда айрым өлкөлөрдө коронавирус кайрадан күчөп жатканын белгилеп, жарандарды сак болууга, санитардык талаптарды бекем сактоого чакырды. Ал жарандар беткап тагынууну унутуп, той-аштар кадимкидей калыбында өтүп жатканынын аягы жаман болорун баса белгиледи.

Эске салсак, бүгүн, 15-сентябрда Ош шаарындагы тойкана ээлери иштөөгө уруксат берүүнү өтүнүшкөн. Алар базарлар иштеп, коомдук транспорт каттап турган учурда ресторандардын ишин токтотуп коюу адилетсиздик деп эсептешет.

Коронавируска каршы республикалык штабдын чечими менен март айынан тартып массалык иш-чараларга, аш-тойлорго тыюу салган. Кийинчерээк коомдук тамактануучу жайларга адамдын санын 50дөн ашырбай иштөөгө уруксат берилген. Мындай талапты аткарбаган юридикалык жактарга 13 миң, жеке адамдарга үч миң сом айыппул салынат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости