www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай грантынын алкагында калаанын 60 көчөсү оңдолот. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменинбилдирүүсүндө, калаанын курулуш жана архитектура боюнча вице-мэри Уланбек Азыгалиев долбоорду башкаруу боюнча кытай компаниясынын директору Ма Джикианг, Кыргызстандагы China Road & Bridges Corporation корпорациясынын долбоор менеджери Чжан Синь жана техникалык менеджер Зияд Аль Сераван менен жолукту.
Жолугушуунун алкагында КЭР грантынын экинчи фазасы боюнча «Көчө-жол тармагын өнүктүрүү» долбоорун баштоо талкууланып, кытай компаниясы жана капиталдык курулуш башкармалыгынын ортосундагы контракттык келишимге түзөтүүлөрдү киргизүү маселеси каралды.

"Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү долбоорунун экинчи фазасы эки жылга эсептелген. Бул убакыт ичинде Бишкекте 5 көпүрө куруу жана жалпы узундугу 70 километр 60 көчөнү оңдоо пландалууда.Тизмедеги көчөлөрдүн көпчүлүгү кеңейтилип, кайрадан курулат, ошондой эле тротуар жана ирригациялык түйүндөр салынат. Оңдоо иштери Кытай Эл Республикасынын гранттык каражатынын эсебинен жүргүзүлөт", - деп кошумчалады.     

Белгилей кетсе, вице-мэр кызматтарга кыска мөөнөттүн ичинде келишимдин ар бир пунктун карап чыгууну, Бишкек шаарынын мэриясы жана КЭРдин коммерция министрлигинин ортосундагы протоколдорду жана башка бардык маселелерди мыйзамдын негизинде чечүүнү тапшырды.

Тараптар келишимге кол коюуга жана курулуш иштерин баштоого даяр экенин билдиришти.

Эскерте кетсек, жайында мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгы калаанын 60 көчөсүндө оңдоо жана курулуш иштерин жүргүзүүгө тендер жарыялап, жыйынтыгында Сhina Road and Bridge Corporation подрядчы компаниясы аныкталган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости