www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пландалган 12 инфекциялык оорукананын жетөөсү ишке берилди

Пландалган 12 инфекциялык оорукананын ичинен 7 оорукананын реконструкциясы аяктады. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

Анын айтымында, оңдолгон ооруканалардын бардыгы керектүү медициналык шаймандар менен жабдылат. Учурда Саламаттыкты сактоо министрлиги кадрдык түзүм маселесин чечип жатат.

Ал жакка башка мекемелерден медициналык кызматкерлер тартылат, же болбосо ушул ооруканаларда иштеген кызматкерлер бөлүштүрүлөт.

Эскерте кетсек, саламаттыкты сактоо мекемелерин куруу жана капиталдык оңдоо август айында башталган. Андан кийин өкмөт аларды эки айда бүтүрүп берүүнү убада кылган.  Жумуш республикалык бюджеттен жана Социалдык өнөктөштүк жана аймактарды өнүктүрүү фондунан каржыланат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости