www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл кургакчылыктан улам түшүмдүүлүк начарлап, пландалган дан азыктары чогулбай калуу коркунучу жаралууда. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Билдирүүгө караганда, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, тамаш-аш тартыштыгын алдын алуу үчүн Казакстан гуманитардык жардам катары берген 10 миң тонна унду буудайга алмаштырууну сунуштады.

Белгилей кетсек, Казакстан гумжардам катары май айында Кыргызстанга 10 миң тонна ун жөнөткөн болчу. Учурда ал Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампасында сакталып турат.

"Июнь айында абанын температурасы 32-35 градуска чейин көтөрүлдү. Июль айында күндүн андан дагы ысый турганы божомолдонууда. Мындай учурда сырттагы температура кампанын ичин дагы ысытып, мүшөктө сакталып турган ундун сапатына терс таасир этиши мүмкүн. Андыктан өкмөт аны сатып, ордуна көпкө сактала турган буудай сатып алууну сунуштоодо", — деп айтылат билдирүүдө.

Министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов бул боюнча атайын механизм иштеп чыгууну тиешелүү тараптарга тапшырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости