www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түштүк Кореянын BS Group компаниясы Бишкекте коронавирусту аныктоочу ПЧР-лаборатория ачууда. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов менен жолугушууда компаниянын жетекчиси Пак Хё Рин билдирди.

Анын айтымында, ABDSIO Lab деп аталган бул лабораторияда бир күндө 14 миң адам ПЧР тест тапшыра алат, жыйынтыгы бир саат ичинде даяр болуп турат.

Марипов менен кореялык ишкердин жолугушуусунда гидроэнергетика, медицина, фармацевтикалык өндүрүш, магнит карталарын жана төлөө жабдыктарын жасоо жаатында кызматташуу маселелери талкууланды.

Кыргызстанда коронавирустан 1,7 миңден ашуун адам каза болду, оору жуккандардын расмий саны 100 миңден ашты. Илдетти аныктоо үчүн бейтаптар жеке жана мамлекеттик лабораторияларга кайрыла алышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости