www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт насыя алгандардын үстөк пайызын төлөп жатат

Буга чейин өкмөт 100 миң сомдон ашпаган өлчөмдө насыя алгандарды 3 айлык (декабрь, январь, февраль) үстөк пайыздарды төлөөдөн бошотуу токтомун кабыл алган.  Ал үчүн жарандар үстөк бааларды төлөөдөн бошотулган карыз алуучулар реестрине катталышы керек болчу.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан бүгүнкү күнгө карата насыя алган 700 миңден ашуун жарандын үстөк пайыздары төлөнгөнүн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын декабрь айында 385 миң 870 насыя алуучуга 286 миң 383 миң сом субсидияланды (мамлекет тарабынан пайыздык төлөмдөр төлөндү). Ал эми ушул жылдын январь айында 344 миң 826 насыя алуучунун пайыздык төлөмдөрүн төлөөгө 240 миң 423 сом сарпталды.

Ушул жылдын февраль айы үчүн насыялар боюнча пайыздарды субсидиялоо март айында жүргүзүлөт.

Эске салсак, мындай чечим COVID-19 илдетинен келип чыккан эпидемиологиялык жана социалдык кырдаалдан улам финансы-кредит мекемелеринен насыя алган жана социалдык-экономикалык оор абалда калган насыя алуучуларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости