www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия өкмөтү Кыргызстанга 200 топтом тест-система жөнөтмөй болду. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Маалыматка караганда, тест-система Кыргызстанга жардам иретинде бекер берилип, 15-апрелде өлкөгө жеткирилет. Аны менен коронавирусту аныктоо үчүн 20 миң анализ алууга мүмкүн.

Кыргызстандын бийлиги РФ өкмөтүнө COVID-19 менен күрөшүүдө колдогону үчүн ыраазычылык билдирди.

Эске сала кетсек, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген.

Бүгүн, 14-апрелде, президент Сооронбай Жээнбеков өзгөчө абалды 30-апрелге чейин узартуу жана Нарын шаары менен Ат-Башы районуна да өзгөчө абал режимин киргизүү боюнча жарлыкка кол койду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости