www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 14-апрелдеги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин биргелешкен отуруму өтүп жатат.

Депутат Мирлан Жеенчороев өкмөткө бир катар сунуштарды берди. Ал бюджеттеги корголгон беренелерге кирген айлык-маяна, жөлөк-пулдарды үзгүлтүккө учуратпай, курулуштарды, жол салууну убактылуу токтотуу менен катар өндүрүштү салыктан бошотуу тууралуу кескин чараларга баруу керектигин айтты.

“Салыктык каникул, узартып төлөө чаралары бул жөн гана карызга батыруу. Бүгүн ишкана иштебесе, эртең кайсы салыкты төлөйт. Эгер кийин карыз болгон салыгыңды төлө десек, ал ишкана жабылат. Анда иштеген кызматкерлердин баары жумушсуз калат. Алар кайда барат, көчөгө чыкса кантип туруктуулукту сактайбыз. Андыктан, 70-80%га чейин жумушчу орундарын сактасаң сени ушул жылдын 31-декабрына чейин салыктан бошотобуз деп ишкерлер менен келишим түзүп, жумушчу орундарын сактап калышыбыз керек”, – деди.

Андан тышкары, Мирлан Жеенчороев айыл чарба тармагына керектүү каржы жана күйүүчү май жагынан дыйкандарды колдоо зарылчылыгын да кошумчалады.

Муну менен катар депутат оор кылмыш кылгандарды калтырып, аманаттын негизинде жеңил кылмыш жазаган жарандарды атайын мыйзам менен карап чыгып абактан бошотуу сунушун берди.

Ошондой эле, чет өлкөдөн мекенине кайта албай жаткан кыргызстандыктарды ошол жактарда убактылуу жашап турууга каржылык көмөк көрсөтүү менен көйгөйдү чечүү мүмкүндүгүнө токтолду.

Эскерте кетсек, тармактык комитеттердин биргелешкен бүгүнкү жыйынында жазгы айдап себүү иштерине жана киргизилген өзгөчө абал менен өзгөчө кырдаалга тиешелүү маселелер каралууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости