www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Мамлекеттик күзөт кызматы башкы башкармалыгынын Биринчи май райондук күзөт бөлүмү туруктуу негизде коронавирустук илдетин алдын алуу жана жайылышына бөгөт коюу максатында административдик имараттын бөлмөлөрүн, сырткы аймагын, кызматтык автоунаа каражаттарын дезинфекциялоо жүрүзүүдө. Бул тууралуу ИИМдин МАККББнын басма сөз кызматы билдирди.

"Өлкөнүн айрым аймактарында, анын ичинде Бишкек шаарында киргизилген “Өзгөчө абал” режиминин алкагында, ИИМдин Мамлекеттик күзөт кызматы башкы башкармалыгынын өздүк курамы коомдук коопсуздукту, укук тартипти камсыздоого, мындан сырткары жашоо тиричиликти камсыздоочу маанилүү, өзгөчө маанилүү жана стратегиялык мекеме-чарбалардын күчөтүлгөн тартипте кайтаруусун камсыздоодо. Кызматкерелердин баардыгы  жеке коргонуу каражаттары, бет кап, көз айнек жана антисептиктер менен камсыздалган.

Ошону менен бирге, ИИМдин МАККББсы жарандарды,  тиешелүү мамлекеттик органдар сунуштаган жеке коргонуу эрежелерин сактооңорду суранабыз!", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости