www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Жогорку соту эпидемияга байланыштуу судьялар биринчи жолу угууларды телеконференция режиминде өткөрөn. Мындай жол менен карала турган иштердин арасында президент Дональд Трамптын салык декларациясын ачык жарыялоо талаптарына байланышкан иш бар. Бул тууралуу Борбордук Азия жанылыктары билдирди.

Жогорку соттун расмий өкүлү Кэти Эрберг май айында судьялар он ишти карай турганын билдирди. Дарыгерлердин сунуштарына ылайык, алардын баары аралыктан каралат.

АКШнын Жогорку соту жаңы технологияларды өтө сейрек колдонот. Алсак, бүгүнкү күнгө чейин тараптардын жүйөөлөрү видеого тартылбайт. Аудио трансляциялар да түз эфирде берилген эмес. Бирок бул жолу журналисттер отурумдарды радио трансляциялар аркылуу укса болору кабарланды.

Жогорку соттун алты отуруму кийинки айдын алгачкы он беш күндүгүнө белгиленген. Азырынча кайсыл иш кайсы күнү каралары белгисиз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости