www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 14-апрелдеги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин биргелешкен отуруму өтүп жатат.

Жыйында, Билим берүү министрлиги ишин токтотуп койду, ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустан башка да бардык маселелерди чечүүгө жетишүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин эки комитетинин биргелешкен жыйынында депутат Альфия Самигуллина айтты.

«Бизде алдыда бүтүрүү сынактары, жогорку окуу жайлар менен иштер, лицензия берүү жана узартуу турат. А Билим берүү министрлиги дистанттык билим берүүдөн башка эч нерсе кылбай эле. Өзгөчө абал киргизүү жөнүндө мыйзамда Билим берүү министрлигинин ишине чектөө жок, ошондуктан алар башка маселелер менен да алектениши керек», - деди Самигуллина.

Эскерте кетсек, тармактык комитеттердин биргелешкен бүгүнкү жыйынында жазгы айдап себүү иштерине жана киргизилген өзгөчө абал менен өзгөчө кырдаалга тиешелүү маселелер каралууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости