www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт тамак-аш продуктуларын жана товарларды өндүрүү жана ташуу үзгүлтүксүз, кадимки режимде жүрүп жатканын баса белгиледи.  Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

«Айрым базарларда жана кээ бир дүкөндөрдө суроо-талап өсүп, азык-түлүктөрдү массалык түрдө сатып алуу жүрүүдө. Бул айрым адамдардын аракеттеринин кесепети деп ойлойм. Тилекке каршы, кырдаалдан пайдаланып, ашыкча киреше табууну көздөгөн жактар чыгууда. Биз бул аракеттерди туура эмес деп эсептейбиз, бул коомго жана мамлекетке зыян келтирет. Азык-түлүктөрдүн, калктын күнүмдүк керектөөсүндөгү негизги товарлардын, эң биринчи кезекте керектелген жана тамак-аш продуктуларынын запасы жетиштүү», - деди Эркин Асрандиев.

Вице-премьер-министр ошондой эле айрым адамдар ундун запасына байланыштуу такталбаган маалыматтарды таратып жатканын белгиледи.

«Айрымдар Казакстанда чек ара жабылды, унду ташып келүү үзгүлтүккө учурашы мүмкүн деген ушактарды таратууда. Казакстан менен чектешкен чек ара жабылган жок. Вируска байланыштуу болгону эки өлкөнүн жарандарынын чек арадан өтүү тартиби өзгөрдү. Жүк жана товарларды ташуу мурдагыдай эле штаттык тартипте жүрүүдө», - деди Эркин Асрандиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости