www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Республикалык штаб: Кыргыз Республикасында 16-марттан 8-апрелге чейин жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары жана жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн карантин киргизилди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Вице-премьер-министр тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин тар курамдагы жыйынында кабыл алынганын белгиледи. 

Республикалык штабдын мүчөлөрү жарандарга адамдар көп барган жерлерге барууларды чектөө зарылдыгын баса белгилеп, кыргызстандыктарга балдар менен соода-оюн-зоок борборлоруна, оюн аянттарына барбоону эскертти. Карантин учурунда үйдө болуу сунушталат. 

Соода, кызмат көрсөтүү жана коомдук тамактануу чөйрөсүндө иш менен алектенген жеке жактарга жана юридикалык жактарга жеке менчик түрүнө карабастан, убактылуу чектөө алып салынганга чейин массалык иш-чараларды өткөрбөө, жайларда жана имараттарда санитайзерлерди, аба тазалагычтарды орнотуу, кызматкерлерди жана келүүчүлөрдү дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздоо сунушталат.

Коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, райондордун акимдерине алдын алуу чаралары, мамлекеттик органдар тарабынан жасалып жаткан иштер тууралуу калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Өкмөт коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу боюнча зарыл чараларды көрүүдө. Дүйнөдөгү кырдаалды эске алуу менен медицина, обсервация кызматкерлери, эпидемиологдор, санитардык дарыгерлер, тез жардам жана башка ыкчам кызматтардын кызматкерлери күнү-түнү иштөөнү улантышууда. 

Казакстан Республикасындагы кырдаалга байланыштуу өлкөгө коронавирустун кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө боюнча коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Өлкөнүн бардык райондорунда коомдук тамактануу жайларын, мечиттерди, коомдук унааларды дезинфекциялоо иштери жүрүүдө. 

Ошондой эле коомдук жайларда, базарларда дезинфекциялоо иштерин уюштуруу жана жүргүзүү тапшырылды. Мындан тышкары республиканын бардык райондорунда симуляциялык окуулар өткөрүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости