www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу иштерин жүргүзөт

Өкмөт үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, ага жол бербөө максатында иш алып барарын вице-премьер-министр Максат Мамытканов бүгүн, 22-декабрда билдирди. Ал Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш комитетинин жыйынында сүйлөп жатып, бул үчүн атайын телепрограммалар аркылуу элге маалымат жеткирүүнү сунуш кылды.

«Келгиле, атайын телепрограммаларды иштеп чыгалы. Ошолор аркылуу үй-бүлөдө зомбулук болсо 111 же 112 түз номурлары аркылуу тиешелүү тараптарга кайрылыш керек экенин жайылталы», - деди Максат Мамытканов.

Ошондой эле ал Тоң районундагы өспүрүм кызды көптөн бери зордуктап келген деп айыпталган адамдардын сотто акталып жана жеңил жаза алышканына күч түзүмдөрү каршы экенин кошумчалады.

Өз кезегинде депутат Наталья Никитенко 111, 112 түз номурлары тууралуу элде маалымат жок экенин белгиледи. Депутат зомбулукка каршы өнөктүктөр өкмөттүк деңгээлде жүрбөй жатканын айтып, өкмөт өкүлүн так аракеттерге өтүүгө чакырды.

Белгилей кетсек, декабрь айынын башында Тоң районунун Кара-шаар айылында 13 жаштагы секелек кызды үч эркек зордуктап, кийин сот алардын экөөнү актап, сот залынан чыгарып жибергени коомчулукта кызуу талкууга алынган. Зордуктаган адамдардын бирөө 7,5 жылга кесилген.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко 13 жаштагы кызды зордуктаган адамдын акталышына байланыштуу Ички иштер министрлигине кайрылуу жөнөткөн. Никитенко өлкөдөгү эки жагдайды - соттордун адилетсиздигин жана жарандык активисттер менен журналисттердин адам укуктары үчүн күрөшкөн аракетин баса белгиледи.

Анын алдында парламенттин дагы бир депутаты, президенттик шайлоого талапкер болгон Каныбек Иманалиев да «Фейсбукта» видео кайрылуу таратып, 13 жаштагы кызды мазактаган сот чечимин кайра артка кайтарууга аракет кыларын билдирген.

Дагы бир депутат Айсулуу Мамашова балдарга карата зомбулук маселесин жана Ысык-Көлдөгү зордукталган 13 жаштагы кыздын ишин 17-декабрдагы парламенттик отурумда кароону сунуш кылып, бирок сунушу өтпөй калган.

Азыркы тапта Ысык-Көл облустук прокуратурасы секелек кызды зордуктап, бирок сот тарабынан акталгандардын өкүмүнө карата апелляциялык арыз даярдап жатканын маалымдады.

ЮНИСЕФ Кыргызстандагы бул окуяны сындап, өлкөдө балдарга, кыз-келиндерге карата зомбулукту токтотуу боюнча кескин чараларды көрүүнү сунуш кылды.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости