www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай АКШга катуу эскертүү берди

Кытай АКШ тарабынан бир катар кытай компанияларына киргизилген жаңы чектөөлөргө нааразычылыгын билдирди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Ван Вэнбин билдирди.

АКШнын Соода министрлиги Россия менен Кытайдын аскердик тармагы менен байланышкан 103 компаниянын тизмесин жарыялап, экспортко чектөө киргизген.

«Кытай тарап буга кескин каршы чыгып, АКШны өзүнүн катачылыгын тез арада кайра иштеп чыгууга чакырат.

Ошондой эле чет элдик компанияларга, анын ичинде кытай компанияларына адилеттүү, бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүүсү керек. Кытай тарап өзүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын чечкиндүү коргоо үчүн керектүү чараларды көрөт»,  - деди Ван Вэнбин.

Ал белгилегендей, акыркы кезде Америка тарап мамлекеттик коопсуздукту коргоону шылтоолоп, экспорттук көзөмөлдү жана башка чараларды кыянаттык менен пайдаланып, кытай компанияларына саясий кысым көрсөтүп жатат.

«Бул эркин сооданын принциптерин бузуу менен глобалдык өндүрүшкө жана жеткирүү тармагына олуттуу коркунуч туудурат», - деп кошумчалады Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости