www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда саясий кырдаал 2021-жылы жазында кескин өзгөрөөрү, алдыдагы шайлоо кандай өтөөрү тууралуу жана 18 талапкердин ичинен 5 гана (А.Мадумаров, К.Исаев, С.Жапаров, И.Ташов, А.Сегизбаев) талапкерге токтолуп, алар жөнүндө белгилүү орусиялык астролог Светлана Драган "Говори ТВнын" түз эфиринде айтып берген.
Астролог 18 талапкердин бешөөнө гана токтолгон. Мадумаровдон баштап, Сегизбаевден аяктаган. Имамидин Ташовдун президенттик шайлоого бекеринен тандалбаганын баса белгиледи "Имамидин Ташов, бул адам кокустан тандап алынбагандай туюлат. Себеп дегенде, анда ак сөөктүк сөөлөт, бир тарабынан өзүнүн керектүүлүгүн сезүү, рационализм, кооз идеялар бири-бири менен талашта тургандай сезилет. Анын артында белгилүү бир адамдар турат, алар анын сырын жакшы билишет. Маневр жасаганга шыктуу, башкаларга караганда агрессивдүү эмес. Өзгөчө харизма байкалбаса да, анда башкарууга мүмкүндүк берген сапаттар топтому бар. Белгилүү бир макулдашуу бар экендиги байкалат. Бул адамда Абийир кодекси жок эмес, бар",-дейт Драган.
Светлана Драган деген ким?
Светлана Драган - дүйнөлүк аренада маанилүү окуяларды божомолдоодо көп жылдык тажрыйбасы бар белгилүү орусиялык ишкер, астролог. Анын божомолдору дайыма туура чыгат. Алсак, 10 жыл мурун ал учурдагы каржылык кризисти жана дүйнөлүк дүйнөлүк толкундоолорду: мунай заттын баасынын төмөндөшүн, бир катар табигый жана техногендик кырсыктарды, Украинанын трагедиясын, чыңалуунун векторунун Жакынкы Чыгышка өтүшүн жана Россиянын эл аралык таасирдин жаңы деңгээлине чыгышын алдын ала айткан.
Алыс кетпей, өзүбүздүн өлкөдөгү 2020-жылдагы октябрь окуясын эле айтсак, ал октябрда Кыргызстанда башаламандык орун алып, бийлик алмашаарын айткан.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg